Увертюра (лат. aperture - ачуу) - опера, балет, оратория, драма, кинофилъм ж. б. чыгармаларга кириш бөлүм катары жазылган оркестр пьесасы; ошондой эле соната формасындагы өз алдынча пьеса.

Увертюранын теги опера жанры менен (Ж. Монтевердинин «Орфей» операсына жазылган кириш бөлүмү) байланыштуу. Увертюранын негизги эки тиби (француздук, италяндык) 17-кылымда калыптанган. 18-кылымдын 2-жарымында опералык Увертюранын драмалык соната формасы (К. Глюк, А. Моцарт) пайда болгон. Увертюра спектаклдеги окуяны, анын идеялык мазмунун, сюжеттик багытын, драмалык чечилиштерин, негизги образдардын эмоциялык абалын угуучуларга жыйынтыктап жеткирет. Ал көбүнчө мызкалык чыгарманын (опера, балет ж. б.) негизги лейтмотивинен түзүлөт (мис., В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсынаУ. ж. б.).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4