Узун-Агач съезди Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Верный, Пишпек, Копал жана Пржевальск уезддеринин казак, кыргыз элдеринин өкүлдөрү уюштурган саясий жыйын.

Тарыхы түзөтүү

Узун-Агач съезди Верныйдын (азыркы Алматы ш.) жанындагы Узун-Агач кыштагына жакын жерде 1910-жылы 21-октябрда өткөн. Съездди казак элинин саясий ишмери Барлыбек Сыртанов, Верный уездине караштуу Калы-Куту болуштугунун мурдагы болушу, прапорщик Ногойбай Дөөлөтбаков жана кыргыздын белгилүү манаптары Шабдан Жантаев, Дүр Сооронбаев ж. б. уюштурган. Съезд Жети-Суу облустук аскер администрациясы тарабынан Узун-Агачта орус аскерлеринин кокондук аскерлерди жеңишинин 50 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеден кийин жашыруун өткөн.

Съездде каралган негизги маселелер түзөтүү

  • 1) жергиликтүү элге жер бөлүштүрүү,
  • 2) жалпы билим берүү,
  • 3) соттук жана
  • 4) дин иштери болгон.

Жыйынга катышкандар падыша өкмөтүнүн саясатынын казак менен кыргыздарга тийгизип жаткан кесепетин айыптап, биринчи кезекте орус дыйкандарынын бул жакка конуш оодарып келишин токтотуунун жолун караштыруу керек деген тыянакка келишкен. Негизинен, кыргыз жана казак жерлерин колониялаштырууну чектөө, Түркстанда мусулман диний башкармалыгын негиздөө, Мамлекеттик думада кыргыз жана казак башкалар менен бирдей өкүлчүлүктөрүн ачуу ж. б. талаптар коюлган. Жети-Суу облусунда орустарга конуш берүүнү токтотуу үчүн падышага өтүнүч киргизүү керек жана ал үчүн Петербургга атайын делегация жиберилсин, ага кете турган чыгым үчүн ар болуштуктардан акча жыйналсын, Бухара эмиринен көмөк суроо жана Петербургга бара турган делегациянын курамына Б. Сыртанов менен Д. Сооронбаев кирсин деген чечимди колдошкон. Ошондой эле делегацияга бардык инстанцияларга, а. и. Мамлекеттик Думага же император Николай IIнин өзүнө кирип, кыргыздарга менчик жер берүү жана Көчүрүү (Переселенческое) башкармалыгы тарабынан отурукташууга ыңгайлуу жерлерди тартып алууну токтотууну талап кылуу тапшырылган.

Иш-аракеттери түзөтүү

Колониялык бийликтин жолтоо кылгандыгына карабастан, Жети-Суу облусундагы болуштуктар акча жыйноо жүргөн. Ар бир болуштуктан 200 сом көлөмүндө акча чогултулуп, облус боюнча 5 000 сомго жеткен. Бийлик органдарында тилмечтик кызмат аткарып жүргөн интеллигенция өкүлдөрү (мисалы, Тымбай Серикпаев, Найзабек Тулин, Дүр Сооронбаев, Мамбетаалы Мураталин, Ибрагим Жайнаков, Эшмухаммед Абылайханов ж. б.) Узун-Агач съездинин чечимдеринин маанисин түшүндүрүүдө чоң роль ойногон. Б. Сыртанов Жети-Суу казак, кыргыздарынын талабы менен Узун-Агач съездинин чечимдерин элге жеткирүү максатында Лепси, Капал, Пржевальск, Пишпек уезддерин кыдырып чыккан соң, Пишпектен Петербургга сапар тарткан. Петербургга келгенден кийин көптөгөн тоскоолдуктарга кабылып, оору жугузуп, каза болгон. Бийлик органдарынын назарына түшүп калбаш үчүн Дүр Сооронбаев Петербургга бир аз кийин аттанууга тийиш болгон. Бирок, Дүр Сооронбаевдин Петербургга аттанганы жатканы билинип калып, ал сапарга чыга албай, Пишпекте калууга мажбур болгон.

Узун-Агач съездинин натыйжасы түзөтүү

Узун-Агач съездинин уюштуруучуларынын бири Н. Дөөлөтбаков көп узабай каза болгондуктан, 1911-жылы июнда Кордой жеринде ага аш берилип, келген казак, кыргыздардын өкүлдөрү кайрадан жыйын өткөрүп, колониялык бийликтин тушунда жергиликтүү элдин укугун коргоо жолдорун талкуулап, биргелешкен аракеттерди жүргүзүүгө убадалашкан. Жыйынга Пишпек уездинин Тынай болуштугунан Д. Сооромбаев, Шабдан Жантаевдин уулу Мөкүш, Верный уездинин Чымалган болуштугунан М. Измаилов, Чоң Алматы болуштугунан Б. Ачекеев, Кордой болуштугунан А. Козубеков, Чыгыш Каштек болуштугунан Ч. Кудайбергенов, Ботбай болуштугунан Ө. Танкин, Байтик болуштугунан А. Байсалов, Чүй болуштугунан А. Козубеков ж. б. катышкан. Бул жыйында Жети-Суу казак, кыргыздарынын атынан күн сайын татаалданып жаткан жер маселесин Петербургга, падышага өтүнүч билдирүүдө Б. Сыртановдун аракетинин ийгиликсиз аякташынын себептери талкууланып, мындан ары россиялык түрк-мусулман элдери менен бирге аракет кылуу керектиги караштырылган. Ошону менен бирге аларга 1909-жылы Уфа шаарында жарык көрүп, 1910-жылы экинчи ирет басылып чыккан М. Дулатовдун “Ойгон казак” (“Оян, казак”) аттуу эмгеги тартууланган. Бул чыгарма окурмандар арасына кеңири белгилүү болуп калган. Ал казак элинин гана эмес, кыргыздар арасында да жогору бааланып, Верныйдагы тилмеч И. Жайнаковдун кийлигишүүсү менен Пишпекке да жеткен. Автору болсо жерди колониячылардан сактап калуу, динди бузбоо, илим-билимге умтулууга чакырган чыгармасы үчүн камакка алынган. Узун-Агач съезди казак, кыргыз саясий элитасынын падышачылык бийликтин колониялык саясатына каршы аракеттер жана агартуу жана башка олуттуу маселелер каралган жыйын катары тарыхтагы орду зор.

Колдонулган адабияттар:
түзөтүү

  • Чукубаев А. Классовая борьба и общественная мысль Киргизии (1900–1917). – Фрунзе, 1967.
  • Махаева А. Ш. Казак-кыргыз тарыхынан (19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башы). – Бишкек, 2011
  • Кубатова А. Э. Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916). – Бишкек, 2012.