Узун АкматКетмен-Төбө өрөөнүндөгү суу. Талас Ала тоосунун түштүк капталыдагы булактардан башталып, Токтогул суу сактагычына куят. Узундугу 90 км, алабынын аянты 2210 км2. Жогорку агымында өрөөнү кууш, төмөн жагы жазыраак. Көп жылдык орточо чыгымы Уста сайдын чатында 29,5 м3/сек; эң көп чыгымы июнда (129 м3/сек), эң азы мартта (3,8 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Негизинен кар, булак, жамгыр сууларынан куралат. Ири куймалары: Каракулжа, Устасай (оң), Каракүнгөй, Бешташ, Терексай (сол). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жаңытурмуш, Кошмо, Чоң арык, Кыркказык жана башка кыштак жайгашкан.

Узун Акмат
Мүнөздөмө
Узундугу 90 км
бассейндин аянты 2 210 км²
Суу чыгымы 29.5 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2