Уйгур кагандыгы (744–840-ж.) – уйгурлардын Борбордук Азиядагы мамлекети. Уйгурлар (кытайча «Хуэйху», «Хойху») тууралуу маалымат алгач Кытайдын Түндүк Вэй (386–54) династиясынын тарыхында кезигип, алар хунндардан тараган эл экени белгиленет. Кийинки маалыматтар боюнча «Гаоцзюй» (gaoju) – «бийик арабачандар» деп аталып, «чилэй» (chilei – азыркы окулушу «телэ», «теле») уруулар союзуна биригишкен. Суй династиясынын (581–618) тарыхында «уху», «ухэ» деп аталып, адегенде Түрк кагандыгына (552–603), 609-жылдан Чыгыш Түрк кагандыгына баш ийишкен. Тан империясынын (618–907) императору Тай-цзун (627–49) уйгурлардын жардамы менен түрктөрдү алсыратууга жетишип, 630-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы жоюлган. Мындан кийин кытайлыктар кайра уйгурлардын аскерин талкалап, аларды Ханхай губернаторлугуна бириктирген. 744-ж. басмылдар жана карлуктар менен союз түзгөн Гули Пэйло түрктөрдүн колун талкалаган. Ушуну менен азыркы Моңголия, Түндүк Кытай (Саян тоолорунун түштүгүнөн Гоби чөлүнө чейин) аймагын камтып, борбору Орду-Балык шаары болгон Уйгур кагандыгы түзүлгөн. 745-ж. өзүнө «гудолуцюе-пига каган» (Гудулу пигацюэ кэхан) деген наам ыйгарган Гули Пэйло уйгурлардын каганы болуп жарыяланган. Анын уулу Моюнчур (746–59) чиктерди (750), карлуктарды (751), кидандарды (754) баш ийдирген. Мындан кийин карлуктар Жети-Суу тарапка чегинүүгө аргасыз болгон. 758-ж. уйгурлар Енисейдеги кыргыздарга каршы жүрүшкө чыгып, алардын өлкөсүн басып алганы айтылат. Бирок кээ бир изилдөөчүлөр (мисалы, Г. В. Длужневская, Д. Г. Савинов) бул кабардын так эместигин, кийинки маалыматтарда андай фактылар жоктугун, мүмкүн кыргыздар номиналдуу түрдө көз каранды болуп, салык төлөө менен чектелишкенин белгилешет. 820–40-жылдары Уйгур кагандыгы менен кыргыздардын ортосунда узакка созулган согуш башталган. 840-ж. уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэ кыргыздар тарапка өтүп, натыйжада 100 миң кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алышы менен Уйгур кагандыгы толук кыйраган. Мындан кийин Борбордук Азияда кыргыздардын «улуу мамлекети» түзүлгөн.

{{{аталыш}}}
744 — 840



Өтүүчүлүк
Экинчи Чыгыш Түрк Кагандыгы
Басмыл кагандыгы
Улуу Кыргыз Дөөлөтү
Уйгур Турфан идыкуттугу
Уйгур Ганьсуй мамлекети
Караханий мамлекети

Ляо (сулале)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кызласов Л. Р. Тува в составе уйгурского каганата (VIII-IX вв.) //История Тувы в средние века. М., 1969.
  • Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. СПб., 2002.
  • Длужневская Г. В., Савинов Д. Г. Уйгуры. //Памятники древности на дне Тувинского моря. СПб., 2007.