УЛУГБЕК Мухаммед Тарагай (1394, kk: Сұлтание – 1449, Самаркан) – астроном жана математик. Улугбек 1394-ж. 22-мартта Иранда туулган. 1449-жылы 27 октябрда Самарканда каза тапкан.

Анын азан чакырылып коюлган аты Mухаммед Тарагай.
Улугбектин атасы Шахрух Темирдин үчүнчү уулу. Демек, Улугбек Амир Темирдин небереси.
Улугбек чоң атасынын изин кубалап, ал караткан өлкөлөрдү аралайт.
Ал астрономия менен жаратылыш илимдерин билүүгө далалат кылган. Платон, Аристотель, Птоломей, ж.б. чыгыш окумуштууларынын эмгектери менен атасынын бай китепканасында жашынан эле тааныш болгон.
Улугбек 1409 ж. мамлекетти башкарган. Бирок Улугбек чоң атасы Амир Темирче кыргын согуш жүргүзүүдөн баш тарткан. Элге бейпил турмуш орнотуп, экономикасын чыңдап маданиятын көтөрүп, ажайып ак сарайларды салдырып, илимди өнүгүүсүнө чоң салым кошту.
Сaмарканд, Бухарa, Гиждуан, Мерф калаалары өнүгүп өстү. Эң сонун тарыхый жайлар салынды. Алардын ичинен эң көрүнүктүүсү Самарканддагы Улугбектин обсерваториясы болуп эсептелет.
Улугбек жанына Орто Азиянын атактуу окумуштууларын жыйнап алып, илим менен алек болгон, өкмөттү жана динди башкарууда тек гана динчил шайыктар менен молдолор эмес, накта окумуштууларды да тартты.
Арийне бул динчилерге жакпай, Улугбекдин жолунан тайды деген сөз тарайт. Динчилердин козголоңунан кийин ал илим менен иштешмек болуп Самарканддан Мекке кетип бара жаткан жолунда Улугбекти өз баласына өлтүртүшөт. Ал эми атасын өлтүргөн уулу Аб Аль Латифди бир жылга жеткирбей динчилдер өлтүрүп коет.

Улугбектин эң башкы илимий эмгеги - “Зиджи Гурагани”. Бул астрономдор менен географтар үчүн көптөгөн окумуштуулардын катышуусу менен жасаган бүткүл дүйнөлүк мааниси бар эмгек. Ал төрт бөлүмдөн ттурат:
1.календарь тууралуу
2.убакытты өлчөө жөнүндө
3.планеталардын кыймылын аныктоо
4.астрономиялык башка маалыматтар.
Улугбектин ар бир эмгегин бирден талдап олтурбай, мында бир гана анын өлчөөсү боюнча бир жылда 365 күн 6 саат 9минут 15 секунд бар дегендигин келтирсек эле түшүнүктүү болот. Мунун 20-к. окумуштуулар менен толук салыштырганда Улугбектин каталыгы бир минут гана жетпейт экен. Улугбектин обсерваториясын өзүнөн кийин динчилдер талкалапсалган. Бирок анын кол астында иштеген окумуштуу Али Кушчу китептеринин, эмгекткринин бир азын Самарканддын жанындагы кум дөбөгө каткан. Бир азын Стамбулдан жарык көргөзгөн. Ушундан кийин Улугбектин эмгектери батыш өлкөлөрүнүн тилдерине которулуп, дүйнө жүзүнө тарады.

Улугбек тууралуу Алишер Навои:

Улугбек илимге кол созуп, көп нерсени жаратты. Аны айтсак, асман төмөн түшүп, жылдыздар жакын келээр эле. Анын ачкан мыйзамдары менен эрежелери дүйнөнүн акырына чейин ар убакта адамдардын керегине жарай берет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия(жеткиликсиз шилтеме)” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети” “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”