Улуу Кытай түздүгү — Кытайдын чыгышында.

Түндүгүнөн Яньшань, чыгышынан Сары деңиз, батышынан Тайханьшань, түштүк-батышынан Тунбайшань жана Дабашань кырка тоолору менен чектешет. Түштүгүндө Янцзы д-нын төмөнкү агымындагы түздүк менен кошулат. Аянты 325 миң км2. У. к. т. Кытай-Корей платформасынын чыгышында жайгашып, аллювий чөкмө тектеринин калың катмарынан турат. Жеринин бети негизинен жайык; басымдуу бийиктиги 50 м. Майда көлдөрү жана саздуу анча терең эмес оёңдору көп. Борбордук бөлүгүн Шаньдунь тоолору (бийиктиги 1524 мге чейин) ээлесе, анын түштүгүндө калдык тоолуу эрозиялык түздүк созулуп жатат. Улуу Кытай түздүгү Евразиялык жана Тынч океандык литосфералык плиталардын кептешкен жеринен орун алып, сейсмдүүлүгү жогору. Адам өмүрүнө жана чарбага зыян алып келген кыйраткыч жер титирөөлөр мүнөздүү. Климаты субтропиктик, муссондук; январдын орточо температурасы - 6°Сдан (түндүктө) 2°Сга (түштүктө) чейин, июлдуку 25-27°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500-600 мм, түштүгүндө 800-1000 ммте чейин, негизинен жайында жаайт. Чыгыш Моңголиядан келген катуу шамалдар чаңдуу бороондорду пайда кылат. Ири дарыялары - Хуанхэ, Хайхэ, Хуайхэ, Луаньхэ. Суулары тез-тез ташкындап, деңгээли көп сандаган каналдар, суу сактагычтар жана дамбалар менен жөнгө салынат. Көлдөрү көп. Ирилери: Хунцзэху, Гаобаоху ж. б. Миндеген жылдардан бери дыйканчылыкка пайдаланылгандыктан, түздүктүн табигый өсүмдүктөрү жана жапайы жаныбарлары сакталган эмес. Дан эгиндери, шалы, жер жаңгак өстүрүлөт. Улуу Кытай түздүгү - Жер шарындагы калк эн жыш отурукташкан аймактардын бири. Ири шаарлары: Пекин, Тяньцзинь, Шанхай ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4