Ультраабиссаль (лат. ultra - өтө жана гр. abussos - түпсүз) - океандын 6000 м тереңдигинен, эң терең жерине чейин созулган экологиялык зонасы; океандын кобулдар облусу.

Ультраабиссальда организмдер атайын экологиялык шарттарга (караңгылык, өтө жогорку басым, төмөнкү температура ж. б.) ылайыкташат. Көпчүлүгүнө көрүү органдарынын редукциясы, туюу сезим менен жыт билүү органдарынын гипертрофиясы, денесинин пигментациясынын жоктугу ж. б. мүнөздүү. Ультраабиссальда бактериялар, айрым жөнөкөй организмдер, рак сымалдар ж. б. байырлайт. Анда кездешкен көпчүлүк организмдер эндемиктер, фауналарында биогеографиялык өзгөчөлүктөр кескин байкалат. Ультраабиссальдагы организмдер тамактануу мүнөзү боюнча дентритофактарга же жырткычтарга кирет. Бул жерде жандыктардын 800 түрү кездешет. Алардын көпчүлүгүнүн органдары жарык чыгарууга жөндөмдүү. Улам тереңдеген сайын организмдердин саны кескин азайып, 10 миң м терендикте 20дай гана түрү кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4