Упсала - Анд тоолорунун түштүгүндөгү эң чоң өрөөн мөңгүсү.

Аргентинадагы Лос Гласариес улуттук паркынын аймагында жайгашкан. Аянты 250 км2. Патагония муз талаасынан түштүктү карай агып Лаго-Архентино көлүнө чейин кирип турат. Уз. 60 км, туурасы 8 кмден. Упсала мөңгүсү акыркы жылдардагы атмосфералык температуранын кескин көтөрүлүшүнөн өтө тез чегинүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4