"""Ураимов Бакытбек Минбаевич" тарых илимдеринин кандидаты, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти. "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мучосу. 1974-жылдын 8-апрелинде Ош (азыркы Жалал-Абад) областынын Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.Айылыдык орто мектепти аяктагандан кийин 1991-жылы ОшПИге тапшырып, 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы ОШМУнун аспирантурасында окуп, 1997-жылдан окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенет. 2001-жылдан декандын орун басары, 2006-жылы ОГПИнин "Жалпы тарых жана коомдук илимдер" кафедрасынын башчысы, 2009-жылы ЖАМУнун тарых-укук таануу жана социалдык башкаруу факультетинин деканы, ЖАМУнун тарбия жана мамлекеттик тил саясаты боюнча проректору болуп иштеген. 2011-жылдан тартып ошол окуу жайда Укук таануу кафедрасынын башчысы.

Б.Ураимов 2008-жылдын 29-февралында Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых институтунда "1900-1916-жж. Кыргызстандын туштугундогу азаттык кыймылдар" деген темада кандидаттык ишин, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Кененсариевдин жетекчилиги менен коргогон. Автор тарбынан 4 окуу усулдук колдонмо,1 монография, 21 макала жарык коргон.

Колдонулган адабияттар: Кыргыз жери энцклопедиясы,