Уул үйлөнүп, атадан бөлүнгөндө, атасы энчисин бөлөт. Бала айыл аксакалдарын, туугандарын, тели-теңтуштарын чакырып сый тамак берип, бата сурайт. Өзүнчө түтүн эсебине кирет. Келгендер ак баталарын берип, өзүнчө түтүн булата баштаган жаш жубайларга колдорунан келген белек-бечкектерин тартуулашат. Колунда барына жараша бири идиш, бири төшөк, шырдак берсе, бири мал айтат, теңтуштары кара күчүн тартуулап сала турган тамына кол кабыш кылаарын билдиришет ж.б. Бул уук улоо салты деп аталган.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.