Ууланууорганизмге уу зат таасир эткенде болуучу оорулуу абал.

Уулануу

Белгилери боюнча бөлүнү түзөтүү

Негизги белгилери боюнча катуу уулануу себебине жараша атайын уулануу жана кокустан уулануу болуп бөлүнөт.

  • Кокустан уулануу жалпы уулануунун 80%ин түзүп, өзүн өзү дарылоодо дарыны ашкере колдонгондо, спирт ичкиликтерин көп ичкенде (алкоголь менен уулануу), дарыны жана спирт ичкилигинин ордуна жаңылыштык менен химиялык затты ичип алганда болот.
  • Психикалык оорулуу же кээ бир токтоно албаган киши өзүн өлтүрүү максатында уу затты көп өлчөмдө кабыл алып атайын ууланат, ал өтө оор өтөт. Катуу уулануу кайсы жерде болгондугуна жараша тиричиликте жана өндүрүштө болгон уулануу болуп айырмаланат.
  • Тамак-аштан уулануу кеңири таралган. Бул учурда уу зат ооз аркылуу ичеги-карынга түшүп, ал жерден кан менен бүт организмге тарайт. Уу заттын буусу менен дем алганда ингаляциялык уулануу болот. Ошондой эле уу зат организмге тери, көңдөй органдар аркылуу кирип, ууландырышы мүмкүн. Уулуу заттын эритмесин шприц менен тканга же канга куйганда же уулуу курт-кумурска жана жылан чакканда инъекциялык уулануу болушу мүмкүн.

Уу заттар түзөтүү

Ууланууну пайда кылуучу көптөгөн химиялык заттар бар. Аларга ашыкча дозасы ууландыруучу дары каражаттар; тиричиликте (өздүк гигиенада, санитариялык максатта, косметикада) колдонулуучу ар кандай химикаттар; айыл чарба зыянкечтерине каршы колдонулуучу уу химикаттар; жаныбар токсиндери жана дары жасоодо колдонулуучу өсүмдүк уулары жана башкалар кирет. Мына ушул көптөгөн химиялык заттар организмге таасир этип ууландырат. Алар дүүлүктүрүүчү, күйгүзүүчү, терини ириңдетүүчү, тумчуктуруучу жана башкалар уулар болуп айырмаланат. Булардын көпчүлүгү дозасына жана организмге киришине карабастан айрым клетка жана тканга гана таасир этет. Ошондуктан уу заттар кан клеткаларын гана бузуучу — кан уусу (ис газы, селитра жана башкалар), борбордук жана четки нерв системасына таасир этүүчү (алкоголь, наркотиктер жана башкалар), бөйрөк жана боорду жабыркатуучу уулар (оор металлдын кошулмалары, козу карын уулары жана башкалар), жүрөк ишин бузуучу — жүрөк уусу (алкалоид тобундагы кээ бир өсүмдүк уулары), карын жана ичегини жабыркатуучу ичеги-карын уусу (кислота жана жегичтин концентрацияланган эритмелери) болуп бөлүнөт.

Чөйрөдөгү уу заттар түзөтүү

Кийинки жылдарда өнүккөн өлкөлөрдө химиялык заттарды өндүрүү көбөйгөндүктөн, чөйрөдө уу химиялык заттар көп чогулууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчү боюнча европалык өлкөлөрдө ар миң кишинин бири ууланып, ооруканага түшөт. Катуу ууланууга сеп алдырма каражаттарды такай колдонуу, тиричилик химиясынын көп өндүрүлүшү, шахтада жана химиялык өнөр жайдагы авария (өрт, жарылуу, уу газдын чыгышы), алкоголь ичкиликтерин көп ичүү жана наркотик заттарга кумарлануу (Баңгилик), аялдардын ооруканадан сырткары боюнан түшүрүү, ошондой эле өз алдынча дарылануу максатында дарынын чоң дозасын колдонуу жана башкалар себеп болот.

Балдардын уулануусу түзөтүү

Балдардын уулануусу дарыларды жана химикаттарды туура эмес сактоодон болот.

Биринчи жардам түзөтүү

Ууланууга толук ишенгенден кийин гана биринчи жардам көрсөтүү керек. Себеби кээ бир оорулардын, мисалы, айрыкча улгайгандарда миокарддын инфаркты, инсульттун белгилери (ичи ооруп, жүрөгү айланып, кусат, алы кетет) ууланууга окшош болушу мүмкүн. Мындай белгилер ичегинин буралышында, энтеритте (Гастроэнтероколит) да болот. Бул учурда карынды тазалоо, ич алдырма туздарды колдонуу оор кабылдоолорго алып келиши мүмкүн.

Дагы кара түзөтүү

Катуу ууланууну алдын алуу түзөтүү

Киши мурда өзү билбеген дарыны ичип же сыйпанып, өзүн өзү дарылоого болбойт. Үй аптекасында дарыны туура сактап, анда 1-жардамга зарыл жана ошол убактагы ооруну дарылоодо керек дарылар гана болуу керек. Дарыны бала жетпеген жерде, жабык идиште сактоо зарыл. Тиричилик химиялык каражаттардын инструкциясын бузбай пайдалануу, киши жашабаган бөлмөдө, тамак-аштан алыс сактоо керек. Консерваланган продуктунун таза экенине ишенгенден кийин гана аны тамакка колдонуу, өздүк гигиена эрежелерин так сактоо зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8