Уурдоо
Уурдоо – КР кылмыш-жаза мыйзамында каралган менчикке каршы кылмыштын бир түрү; башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун У. У-ну квалификациялоо белгилери: адамдар тобу тарабынан жасалган, алдынала макулдашуу аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган, кайталанып жасалган, ири өлчөмдө жасалган, чөнтөк У. Анын өзгөчө квалификациялануучу түрлөрүнө: уюшулган топ тарабынан жасалган, өтө ири өлчөмдө, уурдагандыгы же опузалап алгандыгы үчүн мурда 2 же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалган, туракжайга же башка сактоо жайларына мыйзамсыз кирүү аркылуу жасалган У-лор кирет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7