Фагоциттер - жаныбар менен кишинин бириктиргич ткандарынын фагоцитозго жөндөмдүү атайын коргоочу клеткалары.

Омурткасыздарда фагоцитозду амёбоциттер ишке ашырат. Сүт эмүүчүлөрдө кан микрофагдары, ретикул эндотелий системасынын клеткалары ж. б. активдүү Ф. болуп эсептелет. Нейтрофилдер майда бөлүкчөлөрдү (бактерияларды), ал эми макрофагдар чоңураак бөлүкчөлөрдү сиңирип алууга жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4