Фарфор – ак түстөгү, жука катмары жарыкты өткөргөн, сууну жана газды өткөрбөгөн (сууну сиңирүү жөндөмдүүлүгү 0,5 % ) тыгыз керамикалык материал. Өтө майдаланган бышуучу ак топурак, каолин, кварц, талаа шпатынын аралашмаларын жогорку темп-рада күйгүзүү менен алынат. Коррозияга туруктуу химиялык аппараттар, электр жана радиотехникалык буюмдар, жогорку сапаттагы идиш-аяктар, көркөм-декоративдик, санитардык-техникалык жана курулуш буюмдарын жасоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү