Фаялит (Азор аралдарынын бири Фаял а-нын атынан) - оливин тобундагы минерал, Fe2Si04.

Курамынын 10% ке чейинкисин форстериттүү компоненттер түзөт. Кошундусу Мп. Күрөң, сары же кара түстүү, айнектей жылтырайт, тунук, катуулугу 6,5, тыгыздыгы 4,39 г/сж‘. Кычкыл жана щелочтуу эффузия тоо тектеринде, темирге бай метаморфдошкон чөкмөдө, граниттүү жана диабаздуу пегматиттерде ж. б. тектердин арасында, ошондой эле жасалма техникалык продукты - шлакта кездешет. Туз к-тасында эрийт. Темир кенташы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4