Фламинголор (Phoenicopteriformes) - куштар түркүмү.

Phoenicopterus roseus.

Уз. 91-120 см. Тумшугу ичин карай ийилген, тилинде жана жаагынын четинде мүйүз пластинкалары болуп, суудан азыгын (рактар, курттар, урук ж. б.) сүзүп алып жейт. 4 тукуму (анын бири азыр жашайт), 3 уруусу, 6 түрү бар. Субтропикте жана тропикте таралган. КМШ өлкөлөрүндө 1 түрү (кадимки же кызыл канат Фламинголор) кездешет; Казакстандын туздуу көлдөрүндө, Каспий деңизинин чыгыш жээктеринде жолугат. Уялоочу жерин мезгили менен которуп турат. Каспийдин түштүгүндө колония түзүп (50дөн 25 миң жуп) кыштайт. Уясын ылай же кумдан салып, 1-2, чанда 3 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы экөөлөп 30 сутка басып чыгарат. Жөжөлөрү колония түзүп, чогулуп жүрөт, алар бир нече чоңдорунун көзөмөлүндө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4