Флюгер (нем. Fliiger - канат) - шамалдын ылдамдыгын жана багытын аныктоочу прибор.

Шамалдын багыты 2 жалпак темирден жана тең салмактагычтан турган 2 канаттуу флюгарканын абалы боюнча аныкталат. Флюгарка металл түтүкчөгө бекитилген болот өзөктө эркин айланат. Өзөккө румбдун багытына ылайыкталган штифтери бар муфта кийгизилет. Азыркы Ф-лерде энкодер деп аталган электрондук прибордун жардамы аркылуу шамалдын багыты аныкталат. Шамалдын ылдамдыгы горизонталь окко тике асылган металл тактанын жардамы менен өлчөнөт. Шамалдын ылдамдыгына жараша Флюгердин тактасы тик абалынан тигил же бул бурчка кыйшаят. Ал бурч жаа боюнча эсептелет. Ф. жерден 10-12 м бийик мамыга орнотулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4