Фогель Роберт 1926-ж. Нью-Йоркто төрөлгөн.

Фогель Роберт

Ал 1960-ж. жарыяланган илимий эмгегинде (өзү илимий чөйрөгө киргизген багыттын наамын тактап) «жаңы экономикалык тарыхтын» негиздерин аныктаган. Фогелдин айтуусунда, бул илимий жаңы багыт эскини кайталай бербестен, ал тарыхый окуялардын сан өлчөмүндө баалоого өткөн.

Бул багыт «клиометрика» (байыркы гректин тарыхынын толкундарын (музаларын) мүнөздөгөн «Клио» деген сөздөн) деп аталып, экономикалык тарых илиминде өзүнүн татыктуу ордун ээледи. Фогель бул методдорду пайдаланып, Американын тарыхындагы темир жолдун жана «Кулчулдук Түштүктүн» (АКШ) өнүгүшүндөгү кулдардын ролун жаңы деңгээлде, башкача көз караш менен баалоого мажбур кылган. 1993-ж. Нобель сыйлыгына татыган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9