Фото...
Фото... (гр. phos (photos) - жарык) - татаал сөздөрдүн башкы тутумдаш бөлүгү;
1) нерсенин жарык же жарык нурунун жардамы менен иштешин, ишке ашуусун (мис., фотолюминесценция, фотосерпилгичтик);
2) фотографияга тийиштүүлүгүн (мис., фотоплёнка, фотокөргөзмө, фотоэлемент) туюнтат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4