Фразеологизм
Фразеологизм (гр. — айтылыш, сөз, түшүнүк), фразеологиялык сөз айкашы ― тилдин туруктуу сөз айкашы же сүйлөмү.
Фразеологизмдин курамындагы сөздөр өздөрүнүн баштапкы түздөн түз, негизги маанисинен ажырап, бир бүтүнгө биригип, ойду курч, элестүү берет. Алар бир тилден экинчи тилге сөзмө сөз которулбайт, которсо мааниси бузулуп кетет. Фразеологизмдерди уюштурган сөздөр туруктуу келет, өзгөрбөйт. Адабиятта жазуучунун оюн жеткиликтүү, таамай берүүдө, чыгарманын таасирдүүлүгүн арттырууда чоң мааниге ээ.
Эр Табылды эпосунан алынган мисал:
Бал тилимди салайын,
Баарыңарды урдурбай,
Аман алып калайын.
«Бал тил» деген сөз айкашы фразеологиялык айкаш болуп саналат.
Булактар
- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004