Фримен Жон Дайсон (англ. Freeman John Dyson; 1923-жыл 15-декабрь, Англия, Беркшир, Кроуторн - 2020) - англис тектүү америкалык физик-теоретик. Лондон Королдук коомунун (1952) жана АКШ Илимдер академиясынын (1964) мүчөсү. Кванттык электродинамиканы түзгөндөрдүн бири.

Фримен Дайсон (2005).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Дайсон талаанын кванттык теориясы, кванттык электродинамика, математикалык физика, астрофизика, төмөн энергиялардын физикасы боюнча эмгектердин автору. Талаанын кванттык теориясынын дисперсиондук ара катышын далилдеген (Йост-Леман-Дайсон түшүнүгү), S-матрица үчүн формула алган, конондук кайра кубулуулардын негизинде (Дайсон кайра кубулуусу, 1948) кванттык электродинамикадагы дал келбөөчүлүктөрдү классификациялаган (КЭД), S-матрицанын өзгөчөлүктөрүнүн негизинде КЭДдин кайра нормалаштырылуусу жөнүндөгү түшүнүктү көрсөткөн жана талаанын кванттык теориясынын жөнөкөй формалары менен Фейман ык-мамилесинин ортосундагы байланышты көргөзгөн (Фейнман-Дайсон формализми, 1949). Дайсон (Юлианом Швингер, Ричард Фейнман жана Синъитиро Томонаго менен катар) азыркы кванттык электродинамиканын негиздөөчүлөрүнүн бири деп эсептелүүгө акылуу.

Дайсон 1955-жылы нурлануунун металдар тарабынан резонанстык парамагниттик жутулушу теориясын түзгөн.

Дайсон астрофизикада пульсарларды (жылдыз жылтылдагы) жана нейтрон жылдыздарды изилдеген. Дайсон Сферасы концепциясынын автору. Бул - ортосунда жылдыз бар чоң радиустагы (планета орбиталарынын радиусунчалык) ичке сфералык кабыктан турган болжолдуу курулуш. Ал бул сфера жөнүндө идеяны фантаст Олаф Сеплдондун "Жылдыздардын жаратуучусу" аттуу китебинен алган. Өнүккөн цивилизация Дайсон кабыгын борбор жылдыздын кубатын толук керекке жаратуу жана жашоо чөйрөсү көйгөйүн чечүү үчүн пайдаланышы мүмкүн деп болжолдонот. Дайсон жерден тышкаркы цивилизацияларды издөөдө ушул түшүнүктөргө таянууну сунуштаган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Math-bio-stub Калып:Physicist-stub Калып:US-bio-stub Калып:UK-bio-stub