Фумигация, газдоо, түтөтүү - өсүмдүк зыянкечтерине жана илдет козгогучтарына уу газ же буу менен (фумиганттар) каршы көрүшүу ыкмасы.

Атайын машина фумигатор менен иштетилет. Фумигация кампа, тегирмен, жылытма, жашылча сактагыч ж. б., айыл чарба продуктулары ( дан, жашылча-жемиш ж.б.) атайын камераларда, брезент же пленка астында, аңдарда, ошондой эле өсүмдүктү (чай, цитрус өсүмдүктөрү ж. б.), топуракты, кемирүүчүлөрдүн ийинин залалсыздандырууда колдонулат. Фумигация мөөнөтү, ыкмасы жана натыйжалуулугу фумиганттардын касиетине жараша болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4