Феликс Мендельсон

Ф. Мендельсон‎»‎ барагынан багытталды)

Мендельсон, Мендельсон Бартольди, Якоб Людвих Феликс (3. 2. 1809, Гамбург – 4. 11. 1847, Лейпциг) – немец композитору, дирижёр, органчы. Композиция боюнча билим алган. 1835-жылы Лейпцигде Гевандхауз концерттерине жетекчилик кылган жана Лейпциг мектебине негиз салган. 1843-жылы анын демилгеси менен Германияда туңгуч (Лейпциг) консерватория ачылган. Мендельсон ар түрдүү жанрда иштеген: «Жайкы түндөгү түш» (1826), «Рюи Блаз» (1839) ж. б. увертюралары, «Италян», «Шотланд» симфониялары, скрипка жана оркестр үчүн концерт (1844), фортепьяно үчүн эки концерт (1831, 1837), «Павел» (1836) ораториясы ж. б. 1874–77-жылдары Лейпцигде Мендельсондун чыгармаларынын толук жыйнагы (36 том) басылып чыккан.

Мендельсон (1830).

Колдонулган адабияттар түзөтүү