Хайду мамлекетиМонгол феодалдарынын сепараттык (борбордук бийликтен бөлүнүп, өз алдынчалыкка умтулуу) кыймылы Орто Азияда өз натыйжасын берди. 1269-ж. Талас суусунун боюнда Угедей жана Чагатай улустарынын биргелешкен курултайында жаны мамлекет түзүлөт. Анын Каракорумдан (Улуу хандыктын борбору) толук көз каранды эместиги жарыяланат. Мамлекеттин башында анын негиздөөчүсү Угедейдин небереси Хайду хан (1269-1301-жж.) турган. Жаны өлкөнүн чек арасы Алтайдан Аму-Дарыяга чейин созулуп, Кыргызстан, Чыгыш Түркстан аймагын камтыган. Борбору Чүй өрөөнүндө, болжол менен Тарсакент (азыркы Каражыгач кыштагы, Бишкекке жакын) шаарында болгон, себебн бул жер Хайдунун өз менчигине айландырылган болучу.

Хайду мамлекеттин күч-кубаты анын экономикалык саясатына байланыштуу экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, ал калктын чарбалык турмушун жакшыртуу, өлкөнүн райондору жана коңшу мамлекеттер менен соода-сатык, экономикалык байланыштарды жандандыруу үчүн бир катар маанилүү чараларды көргөн. Монголдук баскынчылар тарабынан кыйратылган шаарлар менен кыштактарды калыбына келтирүүгө көп күч жумшаган. Мисалы, чоон мааниге ээ болгон Тарсакент жана ээн калган Баласагын шаарларын көтөрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул мезгилде кол өнөрчүлүк өндүрүшү бир кыйла өнүккөн. Акча реформасы да жүргүзүлгөн, бирдей сапаттагы жана салмактагы күмүш тыйындарын такай пайдалануу тартнби мамлекеттин бүткүл аймагына киргизилген. Ар бир күмүш кенинин ээси тыйын жасай алган. Ал үчүн өзүндөгү күмүшту тыйын жасоочу сарайга өткөрүп, салыктар жана чыгымдар эсептелип алынгандан кийин даяр тыйындарды алган. Экономикалык проблемаларды чечүүдө негизги маселелердин бири катары салык саясаты эсептелген. Салык салуунун жана жыйноонун катуу тартиби киргизилген. Мыйзамды бузгандар катуу жазага тартылышкан. Бир катар мыйзамдар жер айдагандардын укуктарын коргогон. Көчмөндөргө айдоо жерлерине өздөрүнүн малын жаюуга катуу тыюу салынган. Бул талапты аткарбагандар чон айып төлөөгө тийиш эле.

Хайду хан өлкөнүн экономикалык турмушундагы ийгиликтерди сактап калуу үчүн баскынчылык согуштардан алыс болгонго аракет кылган. Ошону менен бирге басып алуучуларга каршы чечкиндүү сокку урган, дипломатияльпс иштерди билгичтик менен жүргүзгөн, душы андын тылында сепараттык кыймылдарды колдогон.

Хайду Монгол империясына каршы көтөрүлүшкөн Енисейлик жаяа Алтайлык кыргыздарга жардаы берүү үчүн бир нече жолу аскерлерин жиберген. 1293-ж. Хайду кыргыздарды куткарып алмакчы болуп, Болоч башында турган кол жөнөткөн, бирок бул кол да Хубилайдын аскерлерннен жеңилип калган. Хайду хандын кыргыздардын мамлекетин сактоого кылган аракети текке кеткея. Ошондой болсо да, Хайду, Алтай жана Чыгыш Теңир-Тоодо жашаган кыргыздарды монголдордун куугунтуктоосунан коргоп калган. Ал кыргыздардын бир тобун Тенир-Тоого көчүрүп келген. Хайду өлгөндөн кийин (1301-ж.) чыңгызиддердин ортосунда бийлик үчүн узакка созулган ич ара согуш башталган. XIV кылымдын 40жылдарында Хайдунун борбордошкон мамлекети экиге: Чагатай (Маверранахр) улусуна жана Жети-Суу, Тянь-Шань, Чыгыш Түркстан менен Жунгарияны бириктирген Моголстан мамлекеттерине бөлүнгөн.

Өскөн ОСМОНОВКыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор