Хафиз-иАбру – фарсы тилинде жазган тарыхчы жана географ. Герат шаарында туулуп, алгач Темирдин, кийин Шахрухтун ордосунда кызмат кылган. Анын чыныгы ысымы Абдаллах бин Лутфаллах бин Абд ар-Рашид ал-Харавли (Бартольд аныктаган). Ал 1417–18-жылдары дүйнөлүк тарых боюнча чыгарма түзүү тапшырмасын алып, 1423-жылы аны жаза баштаган.

1430–31-жылдары автордун өлүмүнө байланыштуу бул чыгарма үзгүлтүккө учураган. Анын бул эмгегинин айрым бөлүктөрү сакталып калган. Чыгарма 4 томдон турат: исламга чейинки тарых таржымалы, пайгамбарлар менен халифтердин тарыхы, Чыгыштагы мусулман өлкөлөрүнүн тарыхы жана моңгол мамлекеттеринин таржымалы. 4-томдун 1-, 2- бөлүмү Темир менен Шахрухтун дооруна арналган. Чыгарма толук изилденген эмес.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү