Башбаракты ачуу

Химиялык закондор – бир эле убакта эки окумуштуу, фр. химиги А. Лавуазье (1770-ж.) жана орус окумуштуусу М.В. Ломоносов (1760-ж.) тарабынан ачылган химиянын негизги закону болуп материянын сакталуу закону эсептелет: бардык химиялык айланууларда «реакцияга катышкан заттар массалары реакциянын натыйжасында пайда болгон продуктылар массаларына барабар». Бул законду бүткүл жаратылышка карата колдонсок төмөнкүдөй аныктама келип чыгат: материя бардан жок болбойт, жоктон пайда болбойт, бир формадан экинчи формага гана өтүп турат. Бирок кээ бир учурларда, мисалы, өтө кичине жана өтө тез кыймылдагы материянын бөлүктөрү менен байланышкан радиоактивдүү кубулуштарда көп сандагы жылуулук энергиясы бөлүнүп чыгып, массанын азайышы бир кыйла чоң мааниге ээ болот. Бул учурда байкалган материянын жок болушу массасыз материядагы кубулуштар эсебинен эфирде ишке ашат.

Курам туруктуулук закону – химиялык бирикмелер курамына кирген бардык заттар өз ара белгилүү массалык катышта болушат. Мисалы, суу пайда болгондо суутек бир массалык бөлүгү кычкылтек сегиз массалык бөлүгү менен кошулат. Эгерде бул газдар бири ашыкча алынган болсо, суу пайда болгондон кийин ошол газ ашыкчасы эркин абалында калат.

Эселик катыш закону – бири-бири менен сан жагынан ар түрдүү курамдагы бир нече химиялык бирикмелер пайда кылган заттар өз ара эселик катышта болушуп, алар бири-бири менен бүтүн сандар катары катышат. Мисалы, суутек кычкылтек менен сууну жана суутек пероксидин пайда кылат. Сууда суутек 1 массалык бөлүгүнө кычкылтек 8 массалык бөлүгү туура келет, ал эми суутек пероксидинде–16. Ошентип суутек бирдей массалык бөлүгү менен кошулуучу кычкылтек массалык бөлүктөрү өз ара 8:16 же 1:2 катышта болот.

Эквиваленттер закону – кандай массалык санда элементтер суутек бир массалык бирдиги менен кошулат же аны менен орун алмаша тургандыгын көрсөтөт. Мисалы, сууда суутек 1 массалык бөлүгү кычкылтек 8 массалык бөлүгү менен, ал эми суутек хлоридинде хлор 35,46 массалык бөлүгү менен кошулат. Демек, кычкылтек 8 массалык бөлүгү хлор 35,46 массалык бөлүгү менен бирдей массалык катышта болот.

Колдонулган адабияттарОңдоо