Хогарт, Уильям (1697, Лондон – 1764, ошол эле жер) – англис живописчиси, график жана искусство теоретиги. Э. Геймблден күмүш гравюрасы боюнча, 1720-жылдан Лондондо Ж. Торнхиллдин академиясында окуган. “Аягы суюк аялдын карьерасы” (1731), “Модалуу нике” (1745), “Пиво көчөсү” (1751) гравюраларында сын реализмди өнүктүрүп, адепсиздикти, бузулгандыкты ашкерелеген. Х. шаардык кембагалдардын турмушуна да көп кайрылган. Теориялык эмгектери агартуучулук көз караштар менен үндөш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү