Холин - үч метил - --кычкыл этиламмоний гидрокычкылы, (СН3)3 N+ СН2 СН2 ОН. Жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизмдердин ткандарында болот. Фосфолипиддердин, ацетилхолиндердин курамына кирет. Метилдештирүү биохимиялык реакциялардагы метилдик топтун донору. Мисалы, метиониндин биосинтезине катышат. Линотроптук таасирге ээ, боордун май инфильтрациясынын өрчүп кетишин эскертип турат. Кээ бир учурда аларды В витаминин тобуна кошсо да, ал витамин болуп эсептелбейт. Жандуу ткандардын структурасын түзүүдө пластикалык материал катары колдонулуп серинден синтезделет. Жаныбарлардын холинди биосинтездөөсү чектелген, ошондуктан ал организмге азык менен гана келет. Холиндин жетишсиздиги, белоктун жетишсиздиги менен боордун май дегенерациясына алып келип, боор циррозун пайда кылат. Холинге эт, балык, жумуртка сарысы маш буурчак уну бир кыйла бай. Адамдын холинди суткалык керектөөсү 250-600 мг.

Холин

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4