Бумедьен Хуари (16. 8. 1925-ж. т. ) -Алжирдин саясий, аскер жана мамлекеттик ишмери. Полковник (1957).

Дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Зитун (Тунис) жана аль-Азхар (Египет) университеттеринен билим алган. Кесиби - мугалим. Каирде араб тилинен сабак берген. 1955-ж. Алжирге жашыруун келип, француз колонизаторлорго каршы алжир элинин куралдуу көтөрүлүшүнө катышкан. 1958-ж. Оран провинциясындагы көтөрүлүш чыгарган бөлүктөргө командачылык кылган. 1960-62-ж. Алжир. революциясынын Улуттук советинин мүчөсү жана Улуттук-боштондукка чыгаруучу армиянын Генштабынын начальниги, 1962-жылдын сентябрынан Алжир Элдик Демократиянын Республиканын (АЭДР) улуттук коргоо министри, 1963-65-ж. АЭДР Мин. Советинин председателине биринчи орун басар.

1965-ж. 19-июндан Революциячыл советке председатель, 10-июндан АЭДР Мин. Советине председатель. 1963, 1965, 1967-ж. СССРге келип кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.