Ахмадали Худайбердиев (1920, Базар-Коргон району, Базар-Коргон кыштагында туулган.- 1985, ошол эле жерде) - пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). 1968-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1930-40, 1948-61-жылдары Базар-Коргон районундагы «Кеңеш-Көчө» колхозунда иштеген. 1962-жылдан ушул эле райондун «Комсомол» колхозунун пахтачылык бригадасын жетектеген. Анын бригадасы 1976-77-ж. ар гектар аянттан 45 цден пахта жыйнап алган.

Ахмадали Худайбердиев
Туулган датасы:

1920 жыл(1920)

Туулган жери:

Базар-Коргон айылы

Жарандыгы:

СССР желеги СССР

Өлгөн датасы:

1985 жыл(1985)

Өлгөн жери:

Базар-Коргон айылы, Базар-Коргон району , Жалал-Абад облусу

Сыйлыктары:
Социалисттик эмгектин баатыры
Социалисттик эмгектин баатыры
«Ленин» ордени
«Ленин» ордени

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.