Чабай, Чаувай - Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак (1974-жылдан 2012-ж. чейин шаарча).

Чабай айыл аймагына караштуу. Исфайран-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1860 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 70 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 32 км. Кыштак 1939-ж. орношкон. Калкы 1,7 миң (2010); негизинен тейлөө тармагында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мончо, мечит, АТС бар. Соода жана тамактануучу жайлар, базарча иштейт. Ч-га жакын жерде сымап кени чыгат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4