Чандар Кришан (19. 11. 1913, Вазирабад - 7. 3. 1977, Бомбей) - инди жазуучусу. 1934-ж. христиандык коллежди бүткөн.

Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталган. Чыгармаларын негизинен урду тилинде жазган. Ал 20дан ашык роман, З0дан ашык аңгемелер жыйнагын чыгарып, сатиралык чыгармалардан турган сценарийлерди да жазган. «Женилүү» (1958, кьфгызчасы - 1970) аттуу алгачкы романын романтикалык маанайда реалисттик нукта жараткан. «Талаа ойгонгондо» (1951) повести социалисттик реализмдин таасиринде жазылган. Чыгармалары карапайым элдин турмушуна арналат. «Чыккынчы» повести менен «Биз жапайыларбыз» (1949) новеллалар жыйнагынын, «Эшектин окуялары» (1958-65) аттуу сатиралык үчилтигинин, «Дадар көпүрөсүнүн балдары» (1958), «Кагаз кайык» (1966), «Мен эскерчү чынарлар» (1968) повесттеринин автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4