"Чаппи" (англ. Chappie, орус. Робот по имени Чаппи) (CHAPPiE деген сөздөн алынган) түштүк африкалык режиссёр Нейлл Бломкамптын 2015-жылы тарткан илимий фантастикалык тасмасы. Сценарийин Бломкамп менен Терри Татчелл жазышкан. Башкы ролдорду ойногондор Шарлто Копли, Дев Пател, Хосе Пабло Кантильо, Сигурни Уивер, Хю Жекман. Ошондой эле Түштүк африкалык Die Antwoord (Жооп) рэп тобунун мүчөлөрү Уоткин Тюдор Жонс (Ninja) менен Йоланди Фиссер өздөрүнүн ойдон чыгарылган версияларын ойношот. Тасма Йоханнесбургда тартылган. Кинотасмада тартип сакчыларынын жасалма акыл-эске ээ болгон Чаппи аттуу роботу бандиттердин колуна түшүп калып, алар тарабынан тарбияланганы тууралуу баяндалат.

"Чаппинин" премьерасы Нью Йорк шаарында 2015-жылдын 4-мартында өтүп, АКШнын кинотеатрларында ошол жылдын 6-мартынан тарта көрсөтүлө баштаган. Тасма дүйнө жүзү боюнча 102 млн доллар чогулта алган, бюджети болсо 49 млн долларды түзгөн.

Уландысы

2015-жылдын март айында Бломкамп Чаппини үчилтик катары жазганын айткан. "Калган эки бөлүмүн жаза элекмин, бирок иштеп чыккам, ошон үчүн кийинки эки бөлүмүндө кандай окуялар болоорун билгендей болуп турам, бирок эмне болоорун айтып бере албайм" деп айткан. Алардын тасмасы тартылабы деп сурашканда, Бломпкап "Ооба, тартылат деп ойлойм. Мага тасма жаккан, ал үчүн мен сыймыктанам. Көрүүчүлөр эмне деп айтат билбейм, экономикалык жактан дагы тасма тартканга мүмкүнчүлүк болобу билбейм, бирок мен дагы тасма тарткым келет" деген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү