Чартаксай (Ренжит) – Аксы районундагы суу. Нарын дарыянын алабында. Узундугу 67 км,алабынын аянты 715 км2. Бозбу тоонун түштүк капталынан башталып, кууш жана анча терең эмес капчыгай аркылуу агат. Мундуз кыштагынан төмөн өрөөн жайылып, тоо этегиндеги түздүктө салааланып барып, жерге сиңип жок болот. Киргенде гана Нарынга кошулат. 11- куймасы (жалпы узундугу 10 кмге жетпеген) бар. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,78 м3/сек. Кээ жылдарда жазгы жамгырдан ташкындап, сел жүрөт (мисалы, 1962-жылы 5-майда суунун чыгымы 102 м3/секга жеткен). Сугатка пайдаланылат. Канарык каналы аркылуу Түндүк Фергана каналына кошулат. Өрөөндө Мундуз, Пишкаран жана башка кыштактар бар.

Чартаксай
Мүнөздөмө
Узундугу 67 км
бассейндин аянты 715 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын дарыясы
Район Аксы району

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2