Частушка — орус фольклорунда кеңири тараган, лирикалык түргө кирүүчү төрт саптан турган ырлар. Частушкалар үч түрдүү (а—б—в—б; а—а—б—б; а—б—а—б) уйкаштыктан куралып, күнүмдүк турмуштагы окуяларды камтыйт. Алардын тематикалык чеги кеңири болуп, эмоциялуу келет, атайын обон менен ырдалат. Частушкалар лирикалык, публицистикалык, юмористтик духта болот, параллелизм кеңири колдонулат. Орус элинин частушкаларына окшош чыгармалар ошолордун обону менен азыркы күндө өздүк-көркөм чыгармачылык кружокторунда аткарылып, кыргыз тилинде да жазылып, ырдалып жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү