Чач учтук, чачпак, сөлкөбай - жаш келиндер, орто жаштагы аялдар өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу (кооздук) буюм.

Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч бурчтук, төрт бурчтук ж. б. формадагы күмүш тенге тыйын же пластина, ошондой эле жибек чачыктардан турат. Чачыктары чыйратылган жибек жиптен бир карыш узундукта жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4