Чекене товар жүгүртүү. Кыргыз Республикасында 2009-ж. чекене товар жүгүртүү 1995-жылга салыштырганда 17,3 эсе өскөн.

Сооданын керектөө товарлары менен толтурулушу туруктуу болууда. Керектөө товарлары жылдан жылга көп чыгарылууда. Бирок базарда импорттун үлүшү өтө жогору. Ал болжол менен 70%ти түзөт. Биздин ата мекендик базар, б.а., чет өлкөлүк керектөө товарларын чыгаруучуларга иштеп берүүнү улантууда. Чекене товар жүгүртүүдөгү азык-түлүк жана андай эмес товарлардын салыштырмалуу салмагы болжол менен мурдагысындай кала берүүдө, 53 жана 47%ти түзөт. 2009-ж. калктын адам башына 12809 сомдук азык-түлүк товарлары, 11247 сомдук азык-түлүк эмес товарлар сатылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9