Чоктал – Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн түштүк беттеринен агып түшкөн суу. Ысык-Көлгө куят. Узундугу 26 км, алабынын аянты 132 км2. Суу куралуу аянтынын орточо бийиктиги 3510 м. Алабында жалпы аянты 16 км2 болгон мөңгүлөр жана 5 чакан көл бар. Чокталгага жалпы узундугу 43 км болгон 12суу куят. Майдан-сентябрга чейин кирип,октябрь–апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,6 м3/сек; июлда мөңгү бузулуп, суу кирет,орточо чыгымы 1,44 м3/секга жетет, суусу тартыш декабрь–февраль айларында 0,2 м3/сек. Эң көп чыгымы 3,34 м3/сек, эң азы 0,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Чокталдан 1,6 м3/сек суу өткөзүүчү 7 сугат каналы чыгарылган. Боюнда Чоктал кыштагы жайгашкан.

Чоктал
Мүнөздөмө
Узундугу 26 км
бассейндин аянты 132 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2