Чоктал жарым аралы - Ысык-Көлдүн түн. жээгинде.

Чоктал кыш-нан 0,5 км түш. тарапта, Чоктал суусунун эки салаасынын аралыгында түш.-чыгышты карай 2 кмге созулат. Туурасы орто бөлүгүндө 1,1 км. Жарым аралдын негизи бөлүгү голоцендин тектирлерин кум жаап калышынан пайда болгон. Жапыз жаткан жерлерин жээк жалчалары (соолуп калган лагуналар) ээлейт. Жарым арал толкун чогулткан кум шилендилеринен түзүлүүдө. Тумшугундагы сайроон жерлер майда бүртүкчөлүү кумдан турат. 10 м тереңдиктен баштап ылайлуу, балыр өсүмдүктөрү өсөт. Жарым аралдын аймагы курорт зонасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2