Чоктал колтуктарыЫсык-Көлдүн түн. жээгиндеги Чоктал жарым аралынын эки тарабынан орун алган булуңчалар (батыш ж-а чыгыш).

Чоктал суусунун кум жалчалары м-н торолгон өрөөнүн жайпап жатат. Батышындагы колтуктун уз. 0,5 км, эни 0,7 км, тереңдиги ага кире беришинде 10 мдей. Оң жээги тик келип, шагыл таштуу. Батыш тумшугу жантайыңкы келип, шагыл таштан, конгломераттан ж-а карбонат конкрецияларынан турат. Төрү ж-а сол жээги жапыз, кумдуу, аккумуляция өөрчүгөн. Мында колтук сайроондуу келип, баткактуу кумдан турат; өсүмдүктөрдөн рдест ж-а хара балырлары өсөт. Сайроондун эни 50 мдей келип, тик бороздон каньондун ылайлуу таманына өтөт. Чыгыш жак колтуктун туурасы кире беришинде 200 мдей, тереңдиги 5 мдей. Анын тумшуктарындагы кумдуу сайроондун улам кеңейишинен колтук тынымсыз тартылууда. Таманы сайроондуу, балыр өсөт. Түн.-батыштан Чоктал суусунун бир салаасы куят. Ч. к. толкун ж-а шамалдан ыктоо болгондуктан кеме токтоого ыңгайлуу. Жээгинде маяк орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2