Чолпон-Ата колтуктары, Батыш жана Чыгыш Чолпон-Ата булуңчалары – Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Чолпоната ж. а-нын эки тарабын жайпап жаткан эки булуңча.

Чолпоната суусунун өрөөнүн ээлейт. Батыш колтугунун уз. 0,8 км, туурасы 0,5 км, тереңдиги кире беришинде 20 мдей. Төр жагында камыш аралаш фитогендүү өсүмдүктөр өсөт. Оң жээги тик, кальций карбонаты м-н камдашкан конгломераттардан ж-а шагыл таштардан турат. Сол тарабы аккумуляциялык жапыз жээк. Колтуктун Чолпоната суусуна дал келген борб. бөлүгүн күкүрт кычкыл суутек жыттанган карабаткак ээлеп, «хара» балыры өсөт. Чыгышындагы колтуктун жазылыгы 0,8 кмдей, тереңдиги киреберишинде 20 м. Жээги аккумуляциялык, кумдуу. Төр жагында азыркы аккумуляция процессинин натыйжасында 70-жылдардын башында Ысык-Көлдөн бөлүнгөн чакан көл пайда болгон. Суусунун 10°Сден жогорулоо ж-а төмөндөө убактысы жазында 5-майга, күзүндө 19-ноябрга туура келет. Суунун эң жылуу мезгили август айы, августтагы көп жылдык орт. темп-расы 19,5°С. Ч. к. кеме токтоого ылайыктуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2