Чоң-Кемин, улуттук табият парк

Чоң-Кемин улуттук табият паркы — 1997-ж. өзгөчө экологиялык жана эстетикалык жактан баалуу табият комплекси, токой, өсүмдүк менен жаныбарларды коргоо максатында уюшулган. Парк Чоң-Кемин өрөөнүнүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Аянты 126514 га.

Улуттук табият паркынын негизги максаты Түндүк Кыргызстанга мүнөздүү табигый сакталган жана өзгөртүлгөн маданий ландшафттардын уникалдуу ареалдарын коргоо. Парк рекреациялык, агартуу, илимий жана маданий жактан пайдаланылат. Татаал өсүмдүктөрдүн 700 түрү кездешип, анын 80ден ашыгы дарак- бадал токойлору. Жаныбарларынан элик, тоо эчкиаркар, суусар, арыс, чил ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген илбирс, марал, түркстан сүлөөсүнү, бүркүт, ителги, көк-жору жана башка кездешетПарктын аймагында Шабдан баатырдын мавзолейи бар. Парктын жанынан Бишкек – Торугарт автомобиль жолу жана Бишкек–Балыкчы темир жолу өткөндүктөн эс алуучулардын жаначет элдик туристтердин келишине өтө ыңгайлуу.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү