Чоң багыш (چوڭ باعىش) — кыргыз элинин сол канатынын курамындагы ири уруулардын бири. Чоңбагыш уруусунун негиздөөчүсү Койсары бий, Саруу уруусунун Тилеке баатырдын баласы.

Жайгашуусу

 Кыргызстан:

 Кытай:

 Өзбекстан:

Канат

Сол канат

Уруктары

аскалы (азыкалы), каңдабас, кулансарык, бечине (пичине), килет (килен), кулунчак, торо, мачак (мычак), үч тамга, каңдабас, кош тамга, куан-дуан, калмак

Дини

Ислам

Санжырасы түзөтүү

Койсары бий — Саруу уруусунан ажырап, өзүнүн элине Чоң Багыш атты берген, андан баштап Чоң Багыш уруусу түзүлүп, мындан ары анын эли өзүн Чоң Багыш эли деп атаган.

Тарыхы түзөтүү

Өз алдынча уруу катары алгач «Мажму ат-Таварихте» кезигет. С. Абрамзон Чоң багышты кээ бир санжырачылар оң канатка киргизип жүргөнүн белгилеген. Көпчүлүк окумуштуулардын (мис., О. Каратаев) пикиринде Чоң багышэтнониминин келип чыгышы байыркы тотемдик түшүнүккө байланышкан. Бул уруунун негизги бөлүкчөлөрүнө «аекалы», «кандабас», «кулансарык», «бечине» («пичине»), «килет», «кулунчак» ж. б. кирет. В. В. Радлов боюнча «аскалы», «торо», «мачак», «үч тамга», «каңдабас», «кош тамга», «куан-дуан» уруктарынан турган. Чоң багыштар негизинен КЭРдин аймагында (Шинжаң-Уйгур автоном району), анча көп эмес бөлүгү Анжиян обл-да (Өзбекстан), Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл обл-да турушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4