Чоң боортооФергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракулжа, Тар, Карабел сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Уз. 42 км, туурасы 10 км.

Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3907 м. Кыры батышты карай жапыздайт; чыгышы аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү, батышы тайпак. Капталдары тик, кокту-колот, капчыгайлуу. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү пермь ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, алевролит, сланец, акиташ теги, жапызыраак батышы бордун кумдук, конгломерат, гравелит, алевролит тектеринен турат. Шалбаалуу талаа ж-а бадалдуу токой (2700–2800 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (2800–3200 м),гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2