Чыйырчык ашуусу - Түштук Кыргызстандагы Алай кырка тоосунун түндук капталында. Гүлчө менен Талдык сууларын бөлүп турган Кумбел тоолорунун жапыз бөлүгүндөгү бел. Оштон 65 км аралыктагы Бешконуш өрөөнү аркылуу чыгышты карай жүргөндө башталат. Бийиктиги 2402 м. Капталдары бир кыйла тик болгондугуна карабастан, ийри-буйру кеткен каптал жол (серпантин ) ага чейин бийик эместей сездирет. Ашуу аркылуу Ош — Хорог автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү