Чыпкалоо — чыпкалоочу тосмонун (чыпканын) жардамы менен газды же суюктукту өткезүп, катуу бөлүкчөлөрдү кармап калуу менен суспензия же аэрозолду бөлүү. Ч. атайын жасалган аппаратта — чыпкада жүргүзүлөт. Суспензияны Ч. андан бөлүнгөн катуу бөлүкчөлөр көпчүлүк убактарда чыпкалоочу тосмонун бетине нымдуу чөкмөнү пайда кылат. Бул бөлүкчөлөр суу жана башка суюктуктар менен жуулат же абанын күчтүү басымы менен кургатуу максатында үйлөтүлөт. Өтө илээшкек жана майда бөлүкчөлөр чыпканын көзөнөктөрүнө тыгылып калат. Аларды тазалоо үчүн жардамчы заттар (диатомит, перлит, асбест, целлюлоза жана башкалар) колдонулат. Алар чыпканын бетине сүйкөлөт же тазалануу-чу суюктукка кошулат. Тазалануучу суюктук нымдуу чөкмө катмарынан жана чыпкадан өткөндө гидравликалык каршылыкка учурап, каршылыкты женүүдө насос колдонулат. Суюктукту чыпкадан тосмого берүү үчүн поршень же борбордон четтөөчү насос колдонулат. Суюктук жылыган сайын анын илээшкектиги, Ч. ылдамдыгы өсөт. Чөкмөнү кысканда, кысууну жок кылуу үчүн суспензияга коагулянттар менен флокулянттар кошулуп, алар чөкмөдөгү майда тешиктерди көбөйтөт жана бөлүкчөлөр бөлүнүшүнө жардам берет. Ч. бир тектүү эмес суюктарды бөлүүдөгү эффективдүү метод болгондуктан, лабораторияда жана ө. ж. шартында (хим., тамак-аш, нефть жана газ) жана башка кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү