Чырмоок, талаа чырмоогу (лат. Convolvulus L. 1753) – чырмооктор тукумундагы өсүмдүк уруусу. Чырмалма жана чырмалбас көп жылдык бадал, чөп. Кадимки талаа Ч. же кайың Ч. - көп жылдык, өтө зыяндуу отоо чөп. Сабагынын уз. 20-100 см. Башка өсүмдүккө чырмалып, оролуп, жерге төшөлүп өсөт. Гүлү мала кызыл, бир аз жыттуу, уругу жарылма кутучада. Бир өсүмдүктө 400-1000 урук болуп, эгин жыйноодо данга аралашат. Мелүүн алкакта 250гө жакын, Кыргызстанда 8 түрү белгилүү. Тамыры 3 мге чейин тик кетет. Отолгондон кийин да тамырынан кайра өсүп чыгат. Өсүмдүк эгилген бардык талаада кездешет. Өсүмдүккө оролуп, аны жапырып чүнчүтөт, түшүмүн коромжуга учуратат. Ч-ту мал көп жесе уугат. Кыргызстандын бардык райондорунда кездешет. Күрөшүү чарасы: Ч-тун тамырын культватор, жумшарткыч менен кыркып, эшилме жери отоп туруу, дан эгинди сепкенден кийин гербицид чачуу, агротехникалык, химиялык чараларды жүргүзүү.

Convolvulus althaeoides.

Колдонулган адабияттар түзөтүү