Чүй өрөөнүТүндүк Теңир-Тоодогу ири өрөөн. Түштүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, түндүгүнөн Чүй Иле тоолору менен чектелген. Чүй дарыясынын ортоңку агымында жайгашып, түштүк чыгыштан түндүк батышка 250 км аралыкка созулат. Аянты 32 миң км2. Өрөөндүн чыгыш жагы кууш (10–12 км) жана туюк келип, Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көл өрөөнү жана Ички Теңир-Тоо менен байланышат. Батышы жазы (90– 100 км) жаанчык келип, бара бара Казакстандын Моюнкум чөлдөрүнө өтөт. Кыргызстанга өрөөндүн Чүй дарыясынын сол тарабы (Аш мара суусуна чейинки бөлүгү) тийиштүү, калган бөлүгү Казакстанга карайт. Теңир тоонун физикалык географиялык райондоштуруу схемасында Чүй өрөөнү өз алдынча табигый аймакты түзөт. Чүй өрөөнүн таманы деңиз деңгээлинен 500– 1300 м бийик жайгашып, түндүк батышты көздөй эңкейиштейт. Өрөөн негизинен палеозой менен кайнозойдун, кумдук, аки таштеги, конгломерат, алевролит, филлит, гипс, чопо тоо тектеринен жана төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Түндүк канаты жантайыңкы, түштүк канаты тик, жылышуу тибиндеги терең жаракалар менен тилмеленген. Түштүк канатын бойлой неоген мезгилдеринин кумдук, чопо, алевролит жана конгломерат чөкмө тектери адыр сымал анчалык чоң эмес антиклиналды түзүп жатат. Түндүккө карай бул тоо тектер тереңирээк жатып, төртүнчүлүк мезгилинин чопо, кумшагылдары менен басырылып калган. Минералдуу арашан булактар бар (к. Ысыката минералдуу суусу, Аламүдүн минералдуу суусу). Өрөөндүн үстүнкү бетинде Чүй дарыянын жана анын куймаларынын шилендилери жатат. Чүй өрөөнү рельефи жана башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган бир нече бөлүктөн турат. Чүй дарыясын бойлоп жайылма жана 2 тектирлүү түздүктөр созулат. Алар баш жагында кум, шагыл таш, төмөн жагында кумылай шилендилеринен түзүлгөн. Түштүгүрөөк жакта Батыш Чоң Чүй каналынын трассасына чейин Борбордук түздүк орун алган; батышы жазы, чыгышты көздөй улам кууштап, Токмок шаарынын жанында бүтөт. Мында жер астындагы суулар 0,5–4 м гана тереңдикте жатат; ал эми түштүк тарабында кара суулар чыгуучу тилке бар. Түздүк кара суулардын нуктары менен кеңири тилмеленген. Кыргызстандын түндүк батыш чегинен (Степной кыштагынан) баштап (негизинен Казакстанда) Чүй дарыясынын жайылмасын бойлой жапыз плато сымал Сарыгоо түздүгү орун алган. Ал чопо тектерден түзүлүп, аң, коолор менен тилмеленген. Өрөөндү курчап турган тоолорду этектеп 650–1300 м бийикте тоодон агып түшкөн суулардын кум шагыл шилендилеринен түзүлгөн, жазылыгы 3–15 км конустар (же шиленди) жайгашкан тилкенин бети таштак келип, Чүй дарыясын карай эң кейиштейт. Климаты континенттик. Жайы кургак жана ысык, кышы мелүүн суук, тоолуу бөлүгүндө климаты бийиктик алкак туулук боюнча өзгөрөт. Июлдун орточо темпратурасы 20–25°С, январдыкы —4,5...–9°С. Жылдык жаан чачыны 350–440 мм, жылуу мезгилдин узактыгы 250 күн. Негизги дарыясы — Чүй өрөөндүн аймагындагы анын ири куймалары: Чоң Кемин, Ысык ата, Аламүдүн, Аларча, Жыламыш, Аксуу, Карабалта жана башка. Чүй өрөөнү жер астындагы сууларга да өтө бай, алар көп сандаган кара сууларды, саздарды, көлдөрдү пайда кылып, сугатка кеңири пайдаланылат. Өрөөн чарбалык жактан дээрлик өздөштүрүлүп, табигый ландшафттары өтө көп өзгөргөн. Деңиз деңгээлинен 900–950м бийиктикке чейин боз топурактуу жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Анда негизинен шыбак, жазын да гүлдөөчү эфемер чөптөрү өсөт. Тоо этек теринде жана өрөөндүн баш жагында (деңиз деңгээлинен 900мден өйдө) ачык коңур топурактуу кургак талаа ландшафты өөрчүгөн; анда шыбак, бетеге, кылкан чөп, буудайык, коңурбаш өсүмдүктөрү басымдуу. Таштак жерлерде, сайларда майда бадал дар (алтыгана, итмурун), кара суулардын боюнда, Чүйдүн жайылмасында камыш туу саздар бар. Мында көп тармактуу татаал ирригациялык система курулган. Өрөөндө Бишкек, Токмок, Карабалта, Аксуу, Кант, Шопоков шаарлары, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Кемин райондору жана жүздөгөн айыл кыштак, ондогон шаарча жайгашкан. Өрөөн аркылуу Луговой — Балыкчы темир жол өтөт. Чүй Өрөөнүндө Бурана, Шишдөбө, Сарыг, Суяб, Төлөк, Карранжуван, Кегети, Нускет шаар урандылары бар.

Чүй өрөөнү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү