Шакир (Чекир деп аталып калган) Молдо- уулу Түгөл. — Болжол менен 1555-1640-жылдар аралыгында жашаган инсан. Түгөл өз заманында  малы тетири айланган, эсеби жок, түндүгүнөн кут куюлган, атагы казакка чейин кеткен байгер адам болгон. Анын ысымы 1598-жылы кыргыз-казакка  хан шайланган саруу уруусунан чыккан) Конок уулу Эр Эшимге жана ал минип калмактарды сүргөн  “Шарпкула” деген атактуу тулапарга тыгыз байланыштуу.

Түгөл бай Жумгалдын  Чоң-Сай деген жерде жашаган экен. Анын сансыз жылкысы азыркы Таш-Дөбө айылынын жогору жагындагы капчыгайдан агып түшкөн агыны катуу чоң сууга агылып келишип, аны бойлой тизилип ичишкенде, ал күркүрөгөн суу кадимкидей солуй түшчү деген кеп эл оозунда ушул кезге чейин айтылып келатат. Мына, жылкынын саны канчалык көп болгонун ушундан билсеңиз эле болот. Шарпкуланын тулпарлыгын мындан билиңиз. Түгөл байдын сансыз жылкысын жылкычылар тандалган 12 айгыр менен шайы кеткенче араң чогултушчу  экен. Ал эми Шарпкуланы минген жылкычы ошончо жылкыны жалгыз өзү,  чай кайнам убакытка жетпей эле чогултуп койчу экен.

Түгөл бай  бала – бакырасы, туугандары менен жайнаган малга толук көзөмөлдөш кыйын болгон үчүнбү, айтор ага канатташ жашаган эл Түгөлдүн эсепсиз малын суроо-сопкуту жок эле четинен кармап  жеп да, пайдалана да беришет. Түгөл бай аларга “койгула” деп да айтпайт. Канткен менен бул көрүнүшкө канчалык бай болсо да Түгөл сыртынан анчалык билгизбесе да, ичинен нааразы болгон окшобойбу.   Түгөл бай болжол менен 1620-жылдары Жумгалдан  сансыз малын айдап, алгач Суусамырга, андан соң, Талас, Олуя-Ата шаарына көчүп кетет.

Ал жерден жогоруда айтылгандай Эр Эшим менен таанышып, сурашып олтуруп ага жезде болуп чыгат. Эр Эшимге Санчы сынчы кулун даакысы эмдигиче түшпөй турган бышты Шарпкуланын жайын айтып, “кокус ат мингизип калса, ушул жылкыны сура”-деп эсине бек салат. Түгөл бай аларды кучак жая тосуп алып, дасторконду кенен жайдырып, кысыр эмди тай сойдуруп, болушунча коноктойт. Өткөн –кеткенден сөз козголот.

Ара –чолодо Санчы сынчы Түгөл байдын аялынан сынамакка:

-Байбиче канча мал бар-деп сураганда, ал:

-Канча мал бар экенин так билбеймин, жылына он эки каршы кап менен тикме чүлүк кылдырып, жылыга туулган торпоктордун мурдуна тактырсак, чүлүк жетпей калып, бир канча торпоктун мурду көзөлбөй калат. Жылына бир күндө кара кашкасынан эле  үч жүз торпок биттелет. Жылкынын эсебин билбейм.

-Байбиче дүйнөгө көзүң тойдубу?

-Дүйнө курусун, көзүң тойбойт экен. Бир күнү байым бир тоодак атып келиптир. Аны мен алабаканга илип, чаткаягында майы сызгырылып жерге тамып жаткандан улам, жез чараны тосуп койсом, үч ирет толду. Ошого гана көзүм тойду.

Анда Санчы сынчы:

-Көзүң ач экен. Тукумуң токолдун балдарынын көзүн карайт. Ошондой эле аз айыл болоор э- деген экен. Түгөл байдын бул байбичесинин аты Кыздарбек болот. Сарамжалы тегиз, өз башы ырыскылуу, оймоктуудан уз болгондугу үчүн, Түгөл байга жарашып тургандыктан Санчы сынчы анын атын Жараш деп өзгөрткөн экен.

Аттанып жатканда, Түгөл бай Эр Эшимге күлүк мингизет. Эр Эшим сынчынын сөзүн кылт эсине түшүрүп:

-Жезде мага ат берсеңиз, тиги кула быштыны бериңиз, андан башканы албайм- дейт.

Түгөл бай дагы өз малынын сырын билген, саяпекерлиги бар адам болгондуктан, кула быштыны бергиси келбейт. Аны байкаган Эшим:

-Башын бербесеңиз, күчүн бериңиз, калмактарга казат кылат элем- деп айтканда, бай макул болот.

Эр Эшим ошол Түгөл байдын Шарпкуласын 3 жыл байлап, анан кыргыз-казактан калыӊ кол куруп, калмактарга чабуул коюп, аларды иле боюнан наары сүрүп салган. Калмактардын дагы бир бөлүгү Волга дарыясынын жээгине сүрүлгөн.

  Эр Эшим кийин Шарпкуланы Түгөлдүн уулу  Маңгытка Эр Эшимге берип жатып минтип айткан экен:

-Бул тулпар Түгөл байда турганда кашаңынан Шарпкула болду эле. Мен сөөгүн тундуруп,  үч жылы ээн коё берип,  жилигин туюктап минсем, канат жасап учканга чейин ылдам болду.  Ат ээсин тапканда арбактанып, тулпар экенин ашкере кылды. Мен бул тулпар менен Текестен чыгып, Олуя –Атага күнү барып, Өрүктүнүн талаасынан аскеримдин алдынан чыктым, аны менен катар душманымды жеңип, намысымды алдым. Тулпарды күчүн бер деп Түгөл байдан алдым эле, эми  эби келсе,  башын берсин. Азыр менин алып калганым адамкерчиликке жатпай калат-деп айтып, айтканда да бек айтып, тулпарга кошуп Маңгытка кан Турсундун  Кызыл кыз деген (бир маалыматта карындашы деп да айтылат) жездесине арнап кошуп берет. Түгөл кийин Шарпкуланы Эр Эшимге биротоло берген.

  Бирок ал кызды Түгөл  эмес, анын баласы Маӊгыт алган. Ошол Кызыл кыздан туулган балдар кийин энеси катаган уруусунан болупк алгандыгы үчүн гана  “катаган саяктар” деп аталып жүрдү. Чынында Маӊгыттын тукумдары катагандарга жээн болуп эсептелет.

Жумгалдагы Түгөл-Сай деген айыл дал ушул Түгөл байдын атынан аталып калган. Түгөлдүн урапактары бүгүнкү күндө Жумгалдын бир нече айылында жашашат.