Шалбаа уй-бедеси (Клевер луговой), (лат. Trifolium pratense, L. 1753) - чанактуулар тукумундагы бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк.

Шалбаа уй-бедеси.

Сабагы жумуру, жалбырагы үч ача, топ гүлдүү, гулү кызыл, кызгылт, ак түстө. Тамырында азот топтоочу түймөк бактериялар бар. Ал топурактын күрдүүлүгүн арттырат. Дарылык үчүн гүлү, жалбырагы колдонулат. Тоют үчүн чөп менен аралаш себилет. Арык жээктеринде, эски беде аңызында, нымдуу кыртыштуу өрөөндөрдө өсөт. Майдан августка чейин өсүп, гүлдөй берет. Бийиктиги 20-30 см.

Дарылыгы: Аз кандуулукка, нерв оорусуна, жалпы эле кандын айланышын жакшыртууда колдонулат. Ошондой эле тамакка кошуп чүчбара жасаса болот. Кургатылган гүлүн кайнак сууга 3 саат демдеп, суусундук катары ичсе, бардык кан тамырлардагы уютманы ошондой эле денедеги тузду (шлак) тазалайт.

Даярдалышы: Төмөндөп кеткен кан басымды көтөрүү үчүн 5 л кайнак сууга 300 г уй беде гүлүн демдеп бир кайнатып алып, 150 г бал кошуп, муздагандан кийин 200 г таза спиртке аралаштырып, бөлмө температурасында 3 сутка коюп, 200 гдан 3-4 маал тамак алдында ичүү керек. Бузулуп кетпес үчүн муздаткычка салып коюу абзел. Ичээрде жылытып ичүү керек.

Натыйжа бериш үчүн бир ай же андан да көбүрөөк ичилет. Күнүмдүк ичүүгө гүлү, жалбырагынан 25-30 г күкүмүн 1,5 л кайнак сууга 25-30 мүнөт демдеп, 10-15 күн жаңыртып 3-4 маал 200 гдан ичсе да эң жагымдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9